Бир адам Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келип кулдарынын кылган иштерине жана алардын айткан жалган сөздөрүнө, аманатка кыянаттык кылгандарына, соода-сатык иштеринде алдаганына жана ага баш ийбегендигине даттанат. Анан ал киши аларды тилдеп, тарбиялоо үчүн сабаганын айтты. Анан Пайгамбарыбыздан алар менен Кыямат күнүндөгү абалын сурады. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: Сага кыянат кылгандар, сага моюн сунбагандар, сага жалган айткандар суракка алынат жана сенин аларга берген жазаң да суракка алынат. Эгерде жазанын өлчөмү алардын күнөөлөрүнө барабар болсо, анда сага пайда болбойт, сага зыян да болбойт. Алардын күнөөлөрүнө караганда берген жаза көбүрөөк болсо, анда ашыкча жазаң үчүн сенден өч алынып, аларга берилет. Ошондо ал киши четке чыгып, үнүн чыгара ыйлай баштады. Анда Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Сен Аллахтын Китебинде: «Кыямат күнү адилеттүүлүк таразасына коёбуз, ошондо эч бир жанга зулумдук кылынбайт. Эгерде (сообу же күнөөсү) сары кычы данынчалык болсо да, аны алып келебиз. Биз жетиштүү эсепчибиз» деген аятты окубадыңбы?» - деп айтты. Ошентип, кыямат күнү эч кимге зулумдук кылынбайт жана адамдардын ортосундагы тараза адилеттүү болот. Ал киши: «Аллахка ант болсун! Оо, Аллахтын элчиси, мен өзүм үчүн да, алар үчүн да аларды таштап коюудан жакшыраак эч нерсе таба албайм» - деди. Мен күбөлүк берем, алардын баары Аллахтын ыраазычылыгы үчүн азат болсун деп ал күндөгү сурактан жана азаптан коркуп баарын азат кылды.