Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бейиш ээлери бейиште ырахат алып жаткан учурда аларга бир жарчы жар саларын кабарлайт: Силер эми дениңер соо болосуңар, бейиште кичинекей да оору болбойт. Эми тирүү болосуңар, бейиште өлүм болбойт. Кичинекей өлүм деп аталган уйку да жок. Силер эми дайыма жаш болосуңар, бейиште эч качан картаюу болбойт. Эми ырахатта болосуңар, бейиште кайгы, кыжаалатчылык болбойт. Муну Аллах Таала да айткан: "Кийин аларга: “Бул силердин кылган иш-амалыңар үчүн мураска берилген бейиш” деп жар салынат" (Аьраф, 43-аят).