Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: Аллах бейиш менен тозокту жаратканда Жебирейил, алайхис саламга: «Бейишке бар да аны карап келгин» - деп айтты. Ошондо ал барып, аны карап, анан кайра кайтып келди. Жебирейил айтты: «Оо, Раббим, Сенин улуулугуңа ант болсун! Ким болбосун анда (бейиш) кандай жыргалчылык, сый-урмат жана ырыскы бар экенин уга турган болсо, анда ал ага кирүүнү көксөп калат жана ал жанын бергиче аракетин кылат». Андан кийин Аллах бейишти курчап, аны буйруктарды аткаруунун жана арамдардан сактануунун кыйынчылыктары менен курчап койду. Ага кирүүнү каалагандар ошол кыйынчылыктардан өтүшү керек. Бейиш кыйынчылыктар менен курчалгандан кийин Аллах Таала: «Эй, Жебирейил! Баргын, бейишти кайрадан карап келгин» - деп айтты. Ошентип, ал барып, аны карап келип: «Оо, Раббим, Сенин улуулугуңа ант болсун! Мен анын жолунда турган кыйынчылыктар себептүү эч ким ага кирбей калатко деп корком» - деп айтты. Аллах тозокту жаратканда: «Эй, Жебирейил! Бар да, тозокко көз салып кел» - деп айтканда Жебирейил тозокко барып көрүп келди. Анан келип, Жебирейил айтты: «Оо, Раббим, Сенин улуулугуңа ант болсун! Ким гана болбосун андагы азап, кайгы жана кордукту уккан болсо, анда ал жерге түшүүнү жек көрүп жана анын түшүрүүчү себептеринен алыс болот. Ошондо Улуу Аллах Таала тозокко алып баруучу жолдорду азгырыктар жана ырахаттар менен курчап: «Эй, Жебирейил, кайрадан барып кара» - деди. Жебирейил периште барып, аны карап, анан келип: «Оо, Раббим, Сенин кудуретиңе ант болсун! Анын айланасындагы курчалган азгырыктар жана ырахаттарды көрүп мен андан эч ким качып кутула албайт деп корктум» - деди.