Сахл ибн Саьд (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимде-ким мага эки жаагы менен эки бутунун ортосундагы (мүчөлөрүн күнөөлөрдөн) сактаймын деп кепилдик берсе, анда мен анын Бейишке кирүүсүнө кепилдик беремин». Сахих (ишенимдүү) - Бухари жазып калтырган
explain-icon

exp

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адам эки нерсеге бекем болсо, бейишке кирерин кабарлап жатат. Биринчиси: Тилди Аллахтын каарын келтире турган сөздөрдөн сактоо. Экинчиси: Жыныстык мүчөнү зынадан сактоо. Анткени көптөгөн күнөөлөр ушул эки мүчө аркылуу болот.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Тилди жана жыныстык мүчөнү күнөөдөн сактоо бейишке кирүүгө себеп болот.
  • Бул дүйнө жана акыретте балээнин көпчүлүгү тил жана жыныстык мүчө себептүү болгондуктан хадисте ал экөөсүн өзгөчөлөп айтты.