Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бейиш тургундары бейишке киргенден кийин Аллах Таала аларга минтип айтарын кабарлайт: Силерге дагы бир нерсени кошумча кылып берүүмдү каалайсыңарбы? Бейиш тургундарынын баары: Биздин жүзүбуздү ак кылбадыңбы, бейишке киргизбедиңби, тозоктон куткарбадыңбы? дешет. Аллах Таала тосмону алып өйдө көтөрөт: анын тосмосу нур, аларга Раббисинин жамалын көрүүдөн өткөн жакшы нерсе берилген эмес.