Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тозок напсиге жага турган арам иштер менен же аткарылбай калган парз амалдардын күнөөлөрү менен курчалып, сакталып тураарын баяндап жатат. Ким напсиси каалаганын ээрчисе, тозокко кирүүгө татыктуу болот. Ал эми бейиш Аллахтын буйруктарын ар дайым аткаруу, күнөөлөрдү таштоо жана ага сабыр кылуу сыяктуу напси жактырбаган нерселер менен курчалган. Эгер напсинин каалоосу менен күрөшүп, ага каршы бекем турса, анда бейишке кирүүгө татыктуу болот.