Усама бин Зайдга (ага Аллах ыраазы болсун): Усман бин Аффанга (ага Аллах ыраазы болсун) кирип адамдардын арасына жайылып жаткан фитна тууралуу айтпайсыңбы деп айтышат. Усама: Ага кирип жашыруун сүйлөшкөнүн айтат. Анткени, ал башчыга эл көзүнчө ачык каяша кылууну каалаган эмес. Андай кылса, халифаны кемсинтүүгө себеп болуп калмак жана буга чейин эч ким ача элек фитнанын эшигин ачкан болмок. Андан кийин Усама (ага Аллах ыраазы болсун): ал амирлерге жашыруун насаат кыларын, падышага да кошомат кылбастыгын, аларды жалгандан беттерине мактабастыгын айтат. Анткени ал пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана макоосу болсун) минтип айтканын уккан: кыямат күнү бир кишини алып келип, тозокко ташташат. Азаптын оордугунан жана ысыктын катуулугунан анын ичеги-карды дароо эле чубалып калат. Анан ал тегирмендин ташын айланып тегеренген эшек сыяктуу өзүнүн ичеги-кардын тегерене баштайт. Анын айланасына тозоктун тургундары чогулуп: "Эй, баланча, сен башкаларды жакшлыкка буйруп, жамандыктан тыят элең го?!" - деп сурашат. Ал минтип айтат: Мен башкаларды жакшылыкка буйруйт элем, бирок өзүм аткарбайт элем. Жамандыктан тыят элем, бирок өзүм аткара берет элем.