Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) баяндайт: эгер даарат алгандан кийин маасы кийсе, анан даараты бузулуп кайра даарат алмакчы болсо, кааласа маасысына масх тартып койсо болот. Белгилүү мөөнөткө чейин маасысын чечпей, масх тартып жүрө берет. Бирок жунуб болуп калса, анда маасыны чечип жуунуу керек.