Хузайфа бин Йамандын (аларга Аллах ыраазы болсун) айтымында, ал пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге болчу. Пайгамбар заара кылмакчы болуп, адамдар таштанды таштаган жерге кирди: ал жерге адамдар эшик алдын шыпырганда чыккан топурак, шыпырындыларын таштачу. Ал тике туруп заара ушатты, адатта көбүнчө отуруп заара кылчу. Хузайфа андан алысыраак турса, ал аны жакын кел деп чакырат. Хузайфа ага жакын келип, анын артына бутунун жанына турат. Муну ал аны башкалардан тосуп туруу үчүн кылган. Андан кийин пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) даарат алып, бутун жубарга келгенде эки маасысына масх тартат. Маасы дегени - жука териден же башка ушул сыяктуу нерседен тигилген, буттун томугун жаап турган бут кийим. Ал экөөнү чечкен эмес.