Ибн Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) муктаждык кутпасын үйрөткөнүн айтат. Бул кайсы бир муктаждык иште кутпаны баштаарда айтылчу сөздөр. Муктаждык дегени, нике кутпасы, жума кутпасы сыяктуу кутпалар. Бул кутпа Аллах Таала түрдүү алкыш-мактоолордун баарына ылайык экендигин билдирген терең маанилерди ичине камтыйт. Ошондой эле шериги жок Жалгыз Аллахтан жардам суроо, күнөөлөрдү жашырууну жана ал үчүн жазалабоону сурануу, бардык жамандыктан, напсинин жамандыгынан ж.б. жамандыктардан сактоону Анын Өзүнөн жалбарып суранууну камтыйт. Кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) туура жол Аллахтын колунда экенин, Ал кимди туура жолго баштаса, аны адаштыруучу болбостугун, ал эми кимди Ал адаштырса, ага туура жолго баштоочу болбостугун кабарлаган. Андан кийин Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок деген тавхид күбөлүгүн жана Мухаммад Анын элчиси деген элчиликке берилген күбөлүктү эскерткен. Акырында Аллахтын ыраазылыгын издеп, Анын буйругун аткарып, тыюусунан тыйыла турган такыбалыкка буйруган үч аят менен жыйынтыктаган. Аятта мындай жакшы амалдарды жасап, жакшы сөздөрдү айткандардын сыйлыгы - күнөөнүн кечирилүүсү, жамандыктардын өчүрүлүүсү, бул дүйнөдө жакшы, таза жашоо, кыяматта болсо утугу бейиш болот.