Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: «Мусулмандын мусулманга болгон акысы бешөө. Алар: Салам берсе алик алуу, ооруса зыярат кылуу, чакырган болсо баруу, дүйнөдөн өтсө жаназасына катышуу, чүчкүрсө "ярхамукаллах" деп айтуу». Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
explain-icon

exp

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандын мусулман бир тууганына болгон кээ бир акыларын баяндап жатат. Бул акылардын биринчиси салам берген адамга алик алуу. Экинчиси: Ооруса, зыярат кылып кабар алуу. Үчүнчүсү: Дүйнөдөн өтсө, үйүнөн баштап жаназа окулчу жерге же мүрзөгө чейин узатып, көмүлгөнгө чейин туруу. Төртүнчүсү: Тойго же ушул сыяктуу мааракеге чакырса баруу. Бешинчиси: Эгерде чүчкүргөн адам «альхамдулиллах» деп айтса, ага «ярхамукаллах» деп айтуу. Андан соң чүчкүргөн адам «яхдиикумуллаху уа юслиху баалакум» деп айтат.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Мусулмандардын бири-бирине болгон акыларын, бир тууганчылык жана сүйүүсүн бекемдөөдөгү Исламдын улуулугу.