Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Улоодо бара жаткан адам, жөө бара жаткан адамга, жөө бара жаткан адам, отурган адамга, аз сандагы адам, көп сандагы адамга салам айтат" . Бухарийде: "Жашы кичүү адам, жашы улууга, өтүп бара жаткан адам, отурган адамга, аз сандагы адам, көп сандагы адамга салам айтат" деп келген. Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
explain-icon

exp

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдар арасында минтип салам берүүнүн адебин көрсөткөн: "Ассалааму алайкум ва рахматуллоохи ва баракатуху". Жашы кичине жаш улууга, улоодогу жөөгө, басып бараткан отурганга, саны аз саны көпкө салам айтат.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Хадисте келгендей салам айтуу жакшы, а эгер жөө бараткан адам улоодогу адамга салам айтса, же жогоруда айтылгандардын кайсы бири тескерисинче болуп калса, эч нерсе эмес. Бирок жакшы жана абзел болгонго каршы келет.
  • Хадисте айтылгандай тартипте салам айтып жайылтуу жакшы көрүүгө жана мээримдүүлүккө себеп болот.
  • Эгер жогоруда айтылгандар салам берүүдө бирдей болуп калса, анда озунуп салам айтканы алардын жакшысы болуп эсептелет.
  • Адам баласы эмнеге муктаж болсо, анын баарын баяндаган (Ислам) шарияты кемчиликсиз, толук.
  • Ар бир адамга өз акысын берүүнү жана саламдашуунун адебин үйрөтөт.