Абдуллах бин Амр (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Бир адам Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мусулманчылыктын жакшысы кандай болот?" - деп сурады эле, ал: Муктаждарды тойгузасың, таанышка да, бейтаанышка да салам айтасың" - деди. Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
explain-icon

exp

Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Исламдын кайсы өзгөчөлүгү абзел? - деп суралды. Ал эки өзгөчөлүктү айтты: Биринчиси: жакыр адамдарды көбүрөөк тамактандыруу. Буга садага кылуу, белек берүү, конок тосуу, той кылуу, ж.б. кирет. Айрыкча кымбатчылык жана ачарчылык учурларда адамдарга тамак берүү артыкча (сооптуу) болот. Экинчиси: бардык мусулмандарга, аларды таанысаң да, тааныбасаң да салам айтуу.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Сахабалар дүйнө жана акыретке пайдалуу өзгөчө иштерди билүүгө кызыкдар болушкан.
  • Салам жана тоюндуруу Исламдагы эң абзел иштерден; артыкчылыктуу болгону жана адамдар бул эки нерсеге дайыма муктаж болуп турганы үчүн.
  • Бул эки өзгөчө иш аркылуу амалга да, сөзгө да тиешелүү жакшылыктар ишке ашат, жакшылыктын эң артыгы тил жана амал менен болгону.
  • Бул өзгөчө иштер мусулмандардын бири-бири менен болгон мамилесине тиешелүү, мындан башка Аллах менен пенденин ортосундагы мамилеге тиешелүү да өзгөчө иштер бар.
  • Саламды озунуп биринчи айтуу мусулмандарга гана тиешелүү, а эгер мусулман эмес адамга жолукса, ага озунуп салам айтууга болбойт.