Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман бир тууганын үч күндөн ашык таштап, бири-бири менен жолукканда саламдашпай жана сүйлөшпөй коюуларына тыюу салган. Бул эки урушкан адамдардын эң жакшысы – жүз буруп таштап коюуну таштоого аракет кылганы жана саламды биринчи баштаганы. Бул жерде таштоо дегени – напси үчүн таштоо. Ал эми Аллах Тааланын акысы үчүн таштоо – бул Аллахка баш ийбегендерди, бидъатчыларды жана жаман досторду таштоо. Бул таштоо убакыт менен чектелбейт. Тескерисинче, таштоонун пайдасына байланган. Эгерде аларга таштоо пайда берсе, анда тоштоону четке кагып мамиле кыла берет.