Абу Дарда (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимде-ким (мусулман) бир тууганынын абийирин ал жокто коргосо, Аллах кыямат күнү анын жүзүн тозоктон сактайт». Сахих (ишенимдүү) - Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган
explain-icon

exp

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким өзүнүн мусулман бир тууганын ал жокто аны жамандабай же ага жамандык кылбай анын абийирин коргосо, анда Аллах Таала Кыямат күнү андан азапты кайтараарын кабар берип жатат.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Мусулмандардын абийирин төгүүгө тыюу салынат.
  • Иш-аракеттердин түрүнө жараша сооп-сыйлык же жаза болот. Ошондуктан кимде-ким мусулман бир тууганынын абийирин төгүүдөн жүз бурса, анда Аллах Кыямат күнү аны тозокко түшүүдөн кайтарат.
  • Ислам - бул мусулмандардын ортосундагы бир туугандыктын жана жардамдашуунун дини.