Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда жакшылыкты сүйлөсүн же унчукпасын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасын сыйласын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда коногун сыйласын». Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
explain-icon

exp

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахка жана кайтып бара турган жана аткарган иш-аракеттерине жараша сыйлык ала турган акырет күнүнө ыйман келтирген пендени ыйманы төмөнкү сыпаттарды аткарууга үндөй турганын баяндады. Алар: Биринчиси: Аллахка тасбих жана тахлил айтуудан турган жакшы сөз, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтаруу, араздашкан адамдарды жараштыруу. Эгерде андай кыла албаса, анда унчукпай, ага жамандык кылууну токтотуп, тилин сакташы керек Экинчиси: кошунаны урматтоо, ага жакшылык кылуу жана ага зыян келтирбөө. Үчүнчүсү: Зыяратка келген конокту сыйлоо, ага жакшы сөз айтуу жана ага тамак берүү ж.б.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирүү бардык жакшылыктардын негизи жана ал жакшылык кылуу үчүн жиберилген.
  • Тилдин бузулуусунан сактануу.
  • Ислам дини карым-катыштыктын жана берешендиктин дини.
  • Бул сыпаттар ыймандын бутактарынан жана мактоого татыктуу адептерден.
  • Ашыкча сүйлөө макрух же арам нерсеге алып келиши мүмкүн. Ал эми саламат болуу - бул жакшыдан башканы сүйлөбөөдө.