Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулк-мүнөздүн жакшылыгы дайыма күндүзү орозо кармап, түнү намазга туруп жүргөн адамдын даражасына жеткирерин баяндаган. Жакшы кулк-мүнөз жакшылыкты көп кылуу, сылык-сыпаа сүйлөө, маанайын ачык алып жүрүү, эч кимге зыян тийгизбөө жана адамдардын зыянына чыдоо ж.б. ичине алат.