Абу Храйра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силерден ким болбосун мусулман боордошуна жолукканда ага салам айтсын. Эгер ал экөө даракты, дубалды же чоңураак ташты эки жагынан айланып өтүп, кайра бирксе, дагы салам айтышсын". Сахих (ишенимдүү) - Абу Дауд жазып калтырган
explain-icon

exp

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандарды бири-бирине жолуккан сайын салам айтууга үндөгөн. Ал тургай, экөө басып баратканда ортосун дубал, дарак же чоң таш сыяктуу бир нерсе ажыратып, кайра бириксе, дагы салам айтышы керек.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Саламды жайылтуу жана абал өзгөргөн сайын кайталап айтуу мустахаб.
  • Саламдашуу аркылуу мусулмандардын ортосунда махабат, ынтымак пайда болгондуктан, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) саламдашуу сүннөтүн жайылтууга аябай куштар болгон.
  • Алагач ирет жолукканда кол кармашып учурашкандан сырткары, салам деген: "Ассаламу алайкум" деп же "Ассаламу алайкум ва рахматуллахи ва баракатуху" деп айтуу.
  • Салам - бул, дуба. Кайра кайра кайталанса деле мусулмандар бири-бирине дуба кылууга муктаж.