Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чүчкүргөндө колун же кийиминин бир учун оозуна тосуп, ошо менен үнүн басаңдатчу. Сахих (ишенимдүү) - Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган
explain-icon

exp

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чүчкүргөндө мындай кылчу: Биринчи: колу же кийиминин бир учу менен оозун жапчу; муну оозунан же мурдунан жанындагыларды иренжите турган нерселер чыгып кетпеши үчүн ушундай кылчу. Экинчи: үнүн акырын чыгарчу, катуу чыгарчу эмес.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чүчкүргөн адамга көрсөткөн өрнөгү жана аны так ошондой аткаруу зарылдыгы айтылган.
  • Чүчкүргөн учурда башкаларды иренжитпеш үчүн кол менен же колаарчы менен оозду жабуу жакшы.
  • Ошондой эле чүчкүргөндө үндү акырын чыгаруу керек. Бул адептүүлүктү жана жакшы ахлакты билдирет.