Муаз (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) артында, анын улоосуна учкашып бараткан. Аны: "Эй, Муаз!" - деп үч жолу чакырган, анткени ага айта турган сөзү өтө маанилүү экенин билдирген. Анын ар бир чакырыгына Муаз (Аллах андан ыраазы болсун) "Лаббайка, я расуулуллоохи, ва саъдайка" деп "Сизге кайра-кайра жооп кайтарууга даярмын, о Аллахтын элчиси, сизге жооп берүү мен үчүн бакыт алып келет деп үмүт кылам" - деп жооп берип жатты. Ошондон кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким "Лаа илааха иллаллооху" деп т.а. Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад болсо Аллахтын элчиси деп жалган эмес, чын жүрөгүнөн күбөлүк берсе, анан ошол абалында өтүп кетсе, Аллах аны тозокко киргизбестигин кабарлады. Муаз (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын айтканын адамдарга кабарлап, аларды кубантып сүйүнчүлөйүнбү деп сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдар ошого үмүт артып, башка амалдарын таштап коёбу деп чочулайт. Муаз (Аллах андан ыраазы болсун) бул хадисти өлүм сааты жакындаганга чейин эч кимге айткан эмес. Өлүмүнө жакын хадисти айтпай жашырганы үчүн күнөөкөр болуп калуудан коркуп айткан.