Абу Саъид ал-Худри жана Абу Хурайра (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: Мусулман кишиге чарчап-чалыгуу, оору, кыжаалатчылык, кайгы-капа, ыза, кыйынчылык болсо, атүгүл, тикен сайылса да, ошонун себебинен Аллах анын каталарын өчүрөт". Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
explain-icon

exp

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман пендеге ооруу, кыжаалатчылык, кайгы, убайым, каатчылык, коркунуч, ачкалык, ал тургай кичинекей тикен сайылып, оорутса, ушунун баары анын күнөөсү кечирилип, катасы жоюлууга себеп болорун бяндаган.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Ыймандуу пенденин башына келген аз гана зыяндын себебинен анын күнөөсүн кечирген Аллахтын ырайымы жана артыкчылыгы баян кылынган.
  • Мусулман пенде даражасы көтөрүлүп, күнөөлөрү кечирилүүсү үчүн, башына түшкөн иш үчүн Аллахтан сооп үмүт кылып, кыйынчылыктын азына да, көбүнө да сабыр кылуусу зарыл.
explain-icon

more