Бир адам Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: «Оо, Аллахтын Элчиси, мен бардык күнөөлөрдү жана туура эмес иштерди кылдым, мен чоң күнөөнү да, кичүү күнөөнү да калтырбай аткардым. Эми менин күнөөлөрүм кечирилеби?» - деп сурады. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, андан: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине жана Мухаммад Аллахтын элчиси деп күбөлүк бересиңби?» - деп сурады. Ага муну үч жолу айтты. Ал киши: "Ооба, күбөлүк берем" - деп айтты. Ошентип, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага эки күбөлүк берүү келмесинин пазилеттүүлүгүн жана алар күнөө иштерди жууп кетүүсүн айтып берди. Ошондой эле тообо кылуу өзүнөн мурунку күнөө иштерди жок кылаарын айтты.