Абдулла бин Амр, радыяллаху анху, риваят кылат: Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, укканымдын бардыгын жаттагым келип жаза берчүмүн. Ошондо Курайштыктар мени тыйып: "Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, эшиткениңдин баарын жаза бересиңби? Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, да пенде, кээде ачууланып, кээде ыраазы болуп сүйлөйт го" - дешти. Ошондо мен жазууну токтоттум да аны Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, айттым. Ал сөөмөйү менен оозун көрсөтүп: "Жаз, анткени менин жаным колунда болгон Затка ант болсун! Мындан акыйкаттан башка эч нерсе чыкпайт" - деди. Сахих (ишенимдүү) - Абу Дауд жазып калтырган
explain-icon

exp

Абдулла бин Амр, радыяллаху анху, айтты: "Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, укканымдын баарын жазуу түрүндө сактап калуу үчүн жазчумун. Бирок Курайш уруусундагы кишилер тыюу салышты да мага: "Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, да пенде. Кээде ачууланып, кээде ыраазы болуп сүйлөйт. Кээде ката кетириши мүмкүн" - дешкенде жазууну токтоттум. Ошондо мен Пайгамбарга, саллаллаху алейхи уа салламга, алардын айткандарын айттым. Ал сөөмөйү менен оозун көрсөтүп: "Жаз, анткени менин жаным колунда болгон Затка ант болсун! Мындан бардык абалда, ачууланып турган абалда да, ыраазы болуп турган абалда да, акыйкаттан башка эч нерсе чыкпайт" - деди. Чындыганда, Аллах Таала Өзүнүн пайгамбары, саллаллаху алейхи уа саллам, жөнүндө мындай деген: "Ал өз каалоосу менен сүйлөбөйт. Чындыгында, ал (сүйлөгөн нерсе) түшүрүлгөн вахийден (8) башка нерсе эмес".

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ыраазы болсо да, ачууланганда да Раббисинен жеткирген нерсесинде күнөөсүз (катасыз).
  • Сахабалар, Аллах алардан ыраазы болсун, сүннөттү жаттап, аларды жеткирүүгө ынтызар болушкан.
  • Бир ишти бекемдеп ырастоодо да ант ичүүгө болот.
  • Илимди жазуу - илимди сактоонун эң маанилүү себептеринин бири.