Ибн Аббас, радыяллаху анхума, айтат: «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, кырк жашында Пайгамбар болуп жиберилген жана ага вахий түшкөн. Ошентип вахий түшкөндөн кийин Меккеде он үч жыл жашады, андан соң Мадинага хижрат кылууга буюрулду. Ал жерде он жыл жашады, андан соң Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, алтымыш үч жашында көз жумду».