Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир жамаат адамдар келип, ага жеткенден кийин ал өзү жактырбаган кээ бир мактоо сөздөрүн айта башташты. "Сен биздин төрөбүзсүң" - дешти. Аллхтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Төрө - Аллах" Ал калайыктын үстүнөн толук төрөлүккө, бийликке ээ. Калайык болсо Анын кулдары. Алар: Сен "Даража жагынан бийигибизсиң", даражасы, абройу, касиети бийиксиң - дешти. Сен "Берешендик жагынан артыгыбызсың", жоомарт, кең пейил, улуксуң - дешти. Кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларды адаттагыдай эле сүйлөөгө, сөздү кооздобоого үндөдү. Антсе, шайтан ширк жана ага себепчи боло турган тыюу салынган иштерге кириптер кыла турган аша чабууларга алып барарын айтты.