Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адам намазды жамаат менен окуса, анын бул намазы үйдө же базарда окуган намазынан жыйырма канча барабар абзел болорун айткан. Анан мунун себебин чечмелеген: Киши дааратын толук, жеткиликтүү алып, анан намаз окуу ниети менен мечитке жөнөсө, таштаган кадамына жараша мартабасы жана орду жогорулайт, ошондой эле ошого жараша каталары өчүрүлөт. Мечитке киргенден кийин намазды күтүп отурса, күтүп отурган учурунда да намаз окугандын сооп-сыйын алат. Ал намаз окуган орунунда отурганда периштелер ага дуба кылат: "Аллахым, ага ырайым кыл. Аллахым, аны кечир. Аллахым, анын тобосун кабыл кыл" дешет. Эгер ал дааратын сындырбаса же адамдарга же периштелерге зыян тийгизе турган иш кылбаса.