Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: эркектер үчүн намазда турганда саптардын эң жакшысы жана сообу көбү биринчи саптар; себеби имамга жакын болуп, ал окуган Куранды угат жана арттагы аялдардын сабынан алыс болот. Саптын жаманы, сообу азы жана шарияттын талабынан четте калганы - саптардын акыркысы. Аялдар үчүн саптардын эң жакшысы - акыркысы. Анткени акыркы сап аялдар үчүн жашыруун, эркектерге аралашып калуудан, аларды көрүүдөн оолагыраак болот. Ал эми алар үчүн саптардын эң жаманы - алдыңкы сап. Анткени алдыңкы сапта эркектерге жакын болуп, фитна пайда болуусу мүмкүн.