Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир күнү таңкы намазды окуп бүтүп: Баланча биздин бул намазыбызга келдиби? - деп сурайт. Сахабалар: Жок - дешет. Анан: Баланча келдиби? - деп башка адамды сурайт. Сахабалар: Жок - дешет. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дейт: Багымдат жана куптан намаздары мунафыктар үчүн оор намаздар; бул учурларда алардын жалкоолугу басымдуулук кылат. Бул намаздар караңгыда окулгандыктан, алар башкаларга анча көрүнө албайт (рия кыла албайт). Эй, ыймандуулар, эгер силер бул эки намаз үчүн бериле турган ашыкча сооп-сыйды билгениңерде, (негизи сооп амалдын машакатына жараша берилет) анда жөрмөлөп болсо да келмексиңер. Имамга жакын турган биринчи сап, Аллахка жакын турган периштелердин сабына окшош. Эгер ыймандуулар биринчи саптын артыкчылыгын билгенде, ага жетишип калуу үчүн жарышып келишмек. Кишинин башка бир киши менен чогуу окуган намазы сооп жагынан да, таасири жагынан да өзү жалгыз окуган намазга караганда жогору турат. Жамаат менен окулган намазда кишинин саны канча көп болсо, ал намаз Аллахка ошончо жагымдуу болот.