Жамаат намазга келген мусулман бир туугандарына зыян бербөөсү үчүн, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пияз же сарымсак жеген адамды мечитке келүүдөн тыйган. Бул тыюу пияз менен сарымсакты жештен эмес, жегенден кийин мечитке келүүдөн тыйган жеңил тыюу. Бул жашылчалар жегенге боло турган жашылчалар. Бир жолу пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жашылчалар салынган казанды алып келишкенде, андан жагымсыз жытты байкап жана ага анда сарымсак бар экенин айтышканда, аны өзү жебей, бир сахабасына бердирет. Ал сахаба да пайгамбарды ээрчип аны жебей отурганын көрүп: Сен жей бер. Мен аян-кабар алып келген периште менен байланышам - деген. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) периштелер да адамдар сыяктуу жагымсыз жытка жийиркенерин айткан.