Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Сабит бин Кайс, радияллаху анхуну, жоктоп, ал жөнүндө сураганда бир киши: "Мен сизге анын кабарын жана анын келбегендигинин себебин билип беремин" - деди. Ошондо ал Сабит бин Кайстын үйүнө барып, ал үйүндө башын ылдый кылып капаланып олтурганын көрүп: "Абалың кандай?" - деп сурады. Сабит ага жаман нерсе болгонун айтты. Анткени Сабит үнүн Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, үнүнөн өйдө көтөрүп сүйлөп койгон эле. Аллах Таала ким ушундай кылса, анын иш-аракеттери жараксыз болот жана ал тозок ээлеринен болот деп эскерткен болчу! Ошондо ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, кайтып келип, Сабит бин Кайстын абалын айтып берди. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага Сабитке кайтып барууну жана ага Тозок элинин арасында эмес тескерисинче, бейиш ээлеринин арасында экенин сүйүнчүлөөнү буйруду. Себеби анын үнү табиятынан бийик болчу. Ошондуктан ал Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, жарчысы жана ансарлардын жарчысы болгон.