Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына эртең Мадинага жакын жайгашкан Хайбар жөөттөрү жеңилерин кабар берет. Бул жеңиш азыр мен тууну берген адамдын башчылыгында болот деп айтат. Туу дегени аскерлер белги катары көтөрүп жүргөн желек. Ал кишинин эң негизги сыпаты: Аллахты жана Анын элчисин жакшы көрөт, Аллах менен Анын элчиси аны жакшы көрөт. Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан Аллахтын жана Анын элчисинин сүйүүсүнө жетишсем деп үмүт кылып, ушул күнү башчылыкка кызыккандай, эч качан кызыкпаганын эскерет. Анан Умар (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбар көрүп чакырып калабы деген үмүт менен боюн созуп, тууну мага берсе экен деп самады. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Али ибн Абу Талибди (Аллах андан ыраазы болсун) чакырып, ага тууну берди. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Алиге аскерлерди жетектеп, душман менен жолуккандан кийин Аллах жеңишке жеткирип, душмандын чептерин басып алганга чейин артка чегинбөөнү, токтобоону жана тынчтык келишимин түзбөөнү буйруду. Али (ага Аллах ыраазы болсун) алга жөнөп токтоп калды, бирок пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буйругуна каршы келбеши үчүн, артына кылчайбай туруп үнүн бийик чыгарып: Оо, Аллахтын элчиси, алар менен эмне кылганга чейин согушайын? - деп сурады. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси деп күбөлүк бермейинче алар менен согуш. Эгер алар муну кабыл алып, Исламга кирсе, анда жандарын жана мал-мүлкүн сенден сактап калышат, Ислам мыйзамдары боюнча жазага татыктуу болгон кылмыштан башка учурларда. Жана алардын эсеби Аллахтын колунда».