Пайгамбар ага (Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына жеткиликтүү насаат айтып, андан жүрөктөр коркуп титиреп, көздөрдөн жаш агып кетет. Анан алар: О, Аллахтын элчиси, сен бизге коштошкондой насаат айттың - дешет. Насааттын өтө жеткиликтүү айтылганынан улам алар муну байкаган болчу. Анан ал өткөндөн кийин такай аткарып жүрө турган ишти осуят кылуусун андан суранышат. Ал: Улуу Аллах Таалага такыба болгула - дейт. Такыбалык ваажыб, буйруктарды аткаруу жана арам, тыюу салынган иштерден тыйылуу менен болот. "Уккула жана баш ийгиле" - дейт. Т.а. башчыларга баш ийгиле. Эгерде силерге кул башчы болуп же өкүмдарлык кылса, ага да баш ийгиле. Мындайча айтканда, калайыктын ичинен даражасы эң төмөн адам башчы болсо да, аны теңсинбей койбой, ага баш ийгиле, фитна, бүлгүндөн этият болуу үчүн. Анткени, кимдин өмүрү узун болсо келечекте көп келишпестиктерди көрөт. Андан кийин аларга мындай келишпестиктерден алып чыга турган жолду баяндады. Бул - ал өткөндөн кийин анын жана анын туура жол көрсөтүүчү халифтеринин сүннөт жолун бекем кармоо. Булар Абу Бакр Сыддык, Умар бин Хаттаб, Усман бин Аффан жана Али бин Абу Талиб (Аллах алардан ыраазы болсун). Ушул жолду азуу тиштери менен бекем тиштөөгө үндөдү. Б.а. сүннөттү бекем тутуп, аны менен жүрүүгө тырышууга үндөдү. Ошондой эле аларга динде жаңыдан пайда болгон иштерден этият болууну эскертти, анткени бардык жаңыдан пайда болгон иштер адашууга алып барат.