explain-icon

exp

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүнүн атынан Куран же сүннөт илимдерин, ал бир аят же бир хадис болсо да жеткирүүгө буйруп жатат. Аларды элге жеткирүүдө эмнени жеткирип жатканын жана эмнеге чакырып жатканын билүүсү шарт. Андан соң Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Бану-Исраилдин шариятыбызга каршы келбеген окуяларын айтуунун зыяны жок экенин баяндады. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жалган айтуудан тыйды. Ким анын атынан атайылап жалган айтса, анда өзүнө тозоктон жайын алып коёо берсин».

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Аллахтын шариятын жеткирүүгө кызыктыруу. Албетте бир адам аз болсо да түшүнгөн жана жаттаган нерселерин башкаларга жеткирүүсү керек.
  • Аллахка туура ибадат кылуу үчүн жана шариятты туура жеткирүү үчүн дин илимин үйрөнүү важип.
  • Хадисте келген катуу эскертүүгө кирип калбоо үчүн хадисти жеткирерден алдын же жайылтуудан алдын анын сахих (туура) экенин тактоо важип.
  • Айрыкча, Аллахтын динине тиешелүү сөздөрдө жалганга түшүп калбоо үчүн сүйлөгөндө чынчыл болууга жана абайлап сүйлөөгө үндөдү.
explain-icon

more