Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төрт ишке тыюу салган: Биринчиси: Аял кишини эки күндүк аралыктагы сапарга күйөөсү же махрамы жок баруудан тыйган. Махрам дегени, ага нике жүрбөгөн жакын туугандары, атасы, баласы, ага-инисинин же эже-сиңдисинин баласы, атасы менен бир тууганы, тагасы ж.б. Экинчиси: Орозо айт күнү жана Курман айт күнү орозо кармоодон тыйган. Мейли бул күнү кармаган орозосу назири болсун, напил болсун, каффарат болсун, айырмасы жок, кандай орозо болсо да кармоого болбойт. Үчүнчүсү: Дигер намазынан кийин күн батканга чейин жана таңкы намаздан кийин күн чыкканга чейин напил намаз окуудан тыйган. Бир жерден экинчи жерди абзел деп, же анын жакшылыгы артык деп атайлап сапар кылуудан тыйган. Болгону үч гана мечитке намаз окуу үчүн атайын сапар кылып чыгууга болот. Анткени, сооп ушул үч эле мечитте эселеп көбөйөт. Бул мечиттер: (Меккедеги) Харам мечити, (Мединадагы) Набави мечити, (Палестинадагы) Акса мечити.