Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бөтөн аял менен жалгыз калууга болбостугун эскертип: Бөтөн аялдын жанына кирүүдөн, же бөтөн аял силердин жаныңарга кирүүсүнөн сак болгула деди. Ансарлардан бир адам минтип сурады: Эгер эркектин жакын туугандары болсо, мисалы, күйөөсүнүн ага-иниси же ага-инисинин баласы, атасы менен бир тууганы, же атасы менен бир туугандын баласы, же эжесинин баласы сыяктуу аялга нике жүрө турган адамдар кирсе боло береби? Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Андан өлүмдөн корккондой корккула! - деди. Анткени, мындай жакын адамдар менен ээн калуу фитнага, диндеги кыйроого алып келет. Күйөөнүн аталары менен балдарынан башка туугандары жат адамга караганда көбүрөөк тыйылуусу зарыл. Жат адамга караганда күйөөнүн туугандары менен ээн калуу көп кездешет. Башкаларга караганда булардан жамандык көбүрөөк жана фитнанын болуусу да көбүрөөк мүмкүн. Себеби аял менен байланышуу жана аны менен ээн калуу жеңил. Адатта эркек кишинин ага-инисинин аялы менен жалгыз калуусуна коомчулук кайдыгер карашат. Башынан эле сактанып, алыс болгон чоочун эркекке салыштырмалуу күйөөнүн бир тууганы менен жалгыз калуу өлүм сыяктуу.