Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул дүйнө даамдаганга таттуу, караганга көрүмдүү экенин, инсан ага алданып, аны менен алек болуп, аны негизги максатына айлантып аларын баяндаган. Ошондой эле, Аллах Таала биздин кандай амал кыларыбызды, Ага таат-ибадат кылабызбы, же күнөө кылабызбы, ушуну кароо үчүн, бизди бул дүйнө жашоосунда бирибиздин артынан бирибиз келе турган кылганын баяндады. Андан кийин: Силерди дүйнөлүк пайдалар жана анын көркөмдүгү алдап коюусунан этият болгула - деди. Бул, силерди Аллах буйруган нерсени таштоого, Ал тыйган нерсеге кирип кетүүгө алып барат. Бул дүйнөдөгү этият болуп, сактануусу зарыл болгон эң чоң фитна - аялдардын фитнасы. Ал Исраил урпактары кабылган эң биринчи фитна болгон.