Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) ал жаш кезинде Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) артында учкашып бара жатканын кабарлап жатат. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: «Мен сага Аллах сага пайда бере турган иштерди жана нерселерди үйрөтөм» - деди. Аллахтын буйруктарын аткаруу менен жана тыюу салган нерселериннен сактануу менен Аллахтын шариятын сакта. Ошондо сен Аллахты өзүңө жакын тутуп жатканыңда, Ага ибадат кылып жатканыңда табасын жана Андан баш тартканыңда, күнөө кылып жатканыңда Аны таппайсын. Эгер ушундай кылсаң, сага сыйлык - Аллах сени бул дүйнө жана акырет балээлеринен сактап, кайда барбагын зарыл иштериңде жардам берет. А эгер бир нерсе сурагың келсе, анда Аллахтан гана сура, анткени сурагандарга Ал гана жооп берет. А эгер жардам кааласаң, анда Аллахтан гана жардам сура. Сенде ушундай ишенич болсун эгерде бүткүл жер жүзүндөгү бардык адамдар сага пайда берүү үчүн бириксе да алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана пайда бере алышат. Ошондой эле бүткүл жер жүзүндөгү бардык адамдар сага зыян берүү үчүн бириксе, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана зыян бере алышат. Чындыгында, бул иш Аллах Таала тарабынан жазылган жана Анын даанышмандыгынын жана илиминин талабына ылайык тагдыр кылынган. Аллах жазып койгон нерседе эч кандай өзгөртүү болбойт.