Аллах Таала бүткүл маклуктардын жашоо, өлүм, ырыскы ж.б.у.с тагдырлары боюнча эмне болоорун асмандарды жана жерди жаратардан элүү миң жыл мурда Лавхул-Махфуз китебинде майда-чүйдөсүнө чейин жазганын Пайгамбарыбыз кабарлайт. Ал нерселердин баары Аллах жазган тагдырдын нугунда гана жүрөт. Кандай гана нерсе болбосун - ал Аллахтын жазган тагдырдын негизинде болот. Адамга жеткен нерсе, андан башкага өтүп кетпейт. Андан өтүп кеткен нерсе, ага кайра жетпейт.