Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Убай ибн Каабдан Аллахтын Китебиндеги эң улуу аят жөнүндө сурады. Ал жооп берүүдөн карманып, анан: Бул Аятул Курси (Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал түбөлүк Тирүү Башкаруучу) деп айтты. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, аны ырастап жана илим менен даанышмандыкка толгон көкүрөгүн чапты. Ал бул илим менен кубанычка жетиши үчүн жана ага жеңил болуу үчүн Пайгамбарыбыз ага дуба кылды.