explain-icon

exp

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аятын түндө окуса, Аллах Таала аны жамандыктан сактаарын кабарлаган. Кээ бир аалымдар: Түнкү намаздын ордуна жетиштүү болот деген. Кээ бирлери: Башка зикирлердин ордуна жетиштүү болот деген. Кээ бирлери: Аз дегенде түндө туруп Куран окуунун ордуна жарайт деген. Мындан башка да пикирлер бар. Кантсе да бул пикирлердин баары бирдей эле туура мааниде.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аятынынын артыкчылыгы баян кылынды. Бул аяттар Аллах Тааланын: "Аамана расул..." "Элчилер ыйман келтирди..." деп башталган аятынан баштап Бакара сүрөнүн акырына чейин.
  • Бакара сүрөсүнүн акыркы аяттарын түндө окуса аны окуган адамдан жамандыкты, шайтанды айдайт.
  • Түн күн баткандан башталып, күндүн чыгуусу менен бүтөт.