Пайгамбарыбыздын, саллаллаху алейхи уа саллам, сүннөтү - ал уктаардан алдын, дуба кылуучу кишидей алакандарын бириктирип, өйдө көтөрүп, «Айткын! Ал Аллах жалгыз» деп башталган Ихлас сүрөөсүн, «Айткын! Таңдын Раббиси менен коргоном» деп башталган Фалак сүрөөсүн жана «Айткын! Адамдардын Раббиси менен коргоном» деп башталган Наас сүрөөлөрүн үч жолу окуп, оозунан бир аз шилекейи менен кошо алакандарына үйлөчү. Башынан, бетинен, денесинин алдыңкы бөлүгүнөн баштап алакандары жеткен жерге чейин денесине сүртүп чыкчу. Бул үч сүрөөнү бирден окуп алаканына үйлөп денесине сүрткөн аракетин үч жолу кайталайт болчу.