Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) даараттын кээ бир өкүмдөрүн баяндаган, алар: Биринчиси: даарат алган кишиге мурдуна сууну тартуу, кийин кайра чимкирип чыгаруу зарыл. Экинчиси: заң чыккан жерин суу менен эмес, таш же ушул сыяктуу башка нерсе менен тазалаган адам так санда тазалайт. Анын азы үч, көбү чыккан нерсе жоголуп, ошол жай таза болгонго чейин. Үчүнчүсү: түнкү уйкудан турган киши колун идиштин сыртында үч жолу жуумайынча даарат алуу үчүн колун идиштеги сууга салбайт. Себеби, ал колу түндө кайсы жерде турганын билбейт. Ал ыплас болуп калуусу мүмкүн. Ага шайтан үйлөп коюусу жана да инсанга зыяндуу же сууну булгай турган нерсени салып коюусу мүмкүн.