Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кээ бир адептерди баяндаган; заара кылган учурда мүчөсүн оң кол менен кармоодон тыйды. Алды жагын, арты жагын оң кол менен тазалоодон тыйды. Анткени, оң кол жакшы иштерди кылууга дайындалган. Ошондой эле суусундук ичкен идиштин ичине демин чыгаруудан тыйган.