explain-icon

exp

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пенденин Раббисине Анын берешендиги жана берген нээматы үчүн мактоо айтуусу Аллах Тааланын ыраазылыгына жеткире турган иштерден экенин баяндаган. Тамактангандан кийин "алхамду лиллах" дейт, суусундук ичкенден кийин да "алхамду лиллах" дейт.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Ырыскы менен сыйлап, анан кайра ага айтылган мактоого ыраазы болуу Аллах Тааланын берешендигинен.
  • Аллахтын ыраазылыгына оңой эле себептер менен жетүүгө болот, жеп жана ичкенден кийин алкыш-мактоо айтуу сыяктуу.
  • Жеп, ичкенден кийин дароо Аллах Таалага мактоо айтуу - тамактануу жана суусундук ичүүнүн адептеринен болуп саналат.