Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Силерден бирөө тамактанса оң колу менен жесин, ичкенде оң колу менен ичсин. Анткени шайтан сол колу менен жейт жана сол колу менен ичет".
Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулманга оң колу менен жеп-ичүүнү буйруп, сол колу менен жеп-ичүүдөн тыйып жатат. Себеби шайтан сол колу менен ичип-жейт.
Хадистин пайдалары
Сол кол менен ичип-жеш менен шайтанга окшошууга тыюу салынат.