Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) таң жаңы агарып ата баштаганда минтип айтчу: "Аллахым, Сенин ысмың менен таң атырабыз" Сенин сактооңо таянып, нээмат-жакшылыктарыңа тобокел кылып, топук-ийгиликтериңе куралып, Сен берген күч-кубат менен кыймыл-аракет кылып (таңды тосуп, күндүзгү жашоону баштадык). "Сенин ысмың менен кечти киргизип, Сенин ысмың менен өлүп, Сенин ысмың менен өлөбүз". Б.а. жогоруда айтылгандай кечинде да айтылат. Кечинде минтип айтат: Аллахым Сенин ысмың менен кечти киргиздим, Сенин Тирилтүүчү ысымың менен тирилебиз, Өлтүрүүчү ысымың менен өлөбүз. "Анан кайра Сенин өзүңө тирилип барабыз" өлгөндөн кийин кайра тирилүү жана чогулгандан кийин кайра ажырашуу, биз ар дайым жана ар кандай абалда ушундай абалда болобуз. Кеч кирип дигерден кийинки убак болгондо минтип айтчу: "Аллахым, Сенин атың менен кеч киргиздик. Сенин атың менен таң атырдык. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атың менен өлөбүз. Кайра кайтуу Өзүңө гана" бул дүйнөдө да акыретте да кайра кайтаруу Сага гана. Сен мени өлтүрүп, Сен мени кайра тирилтесиң.