Улуу сахаба Абдуллах бин Хубайб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: алар жамгырлуу, караңгы түндө аны менен бирге намаз окуу үчүн пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) издеп барышат да, аны табышат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: "Айт" б.а. оку - дейт. Ал эч нерсени окубайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сөзүн кайталайт. Абдуллах: О, Аллахтын элчиси, эмнени окуйун? - дейт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Ихлас сүрөсүн (кул хуваллааху ахад), сактоочу эки сүрө (Кул ауузу бироббил фалак), (Кул ауузу бироббин наас) сүрөлөрүн эртең менен жана кечинде үч жолудан окусаң, бардык жамандыктан сактап, жаман иштен коргойт - дейт.