Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күн сайын таң аткандан кийин жана кечинде күн батардан мурда үч жолудан ушул дубаны айтса, ага балээ-кырсык болбостугун баяндаган: "Аллахтын ысымы менен" бардык зыяндуу нерселерден сактанамын. "Ал Аллах Анын аты зикир кылынса эч нерсе зыян тийгизе албайт". Ал нерсе "жердеги" кандай чоң нерсе болбосун, же жерден сырткары балээлерден болсун, "асмандагы" асмандан түшүүчү балээлерден болсун эч бири зыян бербейт. "Ал Аллах биздин сөздөрүбуздү "Угуучу" биздин абалдарыбызды "Билүүчү". Кимде-ким бул дубаны кечинде айтса, таң атканга чейин ага кокустук балээлер келбейт. Ал эми ким таң эрте айтса, кеч киргенге чейин ага кокустук балээлер келбейт. Кийин бул хадисти айтып өткөргөн Абан бин Усманга шал оорусу тиет. Шал оорусу дегени, адамдын бир жак ыптасы иштебей калат. Ошондо андан жогорудагы хадисти уккан кишилердин бири аны таң калып карайт. Усман ага: Неге таң калып карайсың?! Аллахка ант болсун, мен Усмандан жалган нерсени айткан жокмун. Усман да пайгамбардан жалган нерсени айткан жок. Болгону, мага ушул оору тийген күнү Аллах Таала бул дубаны айтууну тагдырыма жазбаптыр. Мен бир нерсеге ачууланып, бул сөздөрдү айтууну унутуп калыпмын - деди.