Сахабалар, Аллах алардан ыраазы болсун, Аллахтын Элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Курандан он аят алышчу жана алар аяттардан илимди алып ага амал кылмайынча, башка аяттарга өтүшчү эмес. Ошентип алар илим менен амалды бирге үйрөнүшкөн.