Муавия бин Абу Суфян (ага Алла ыраазы болсун) мечитте тизилип отурган адамдарга чыгып, алар эмне үчүн чогулуп отурганын сурайт. Алар: Аллахты зикир кылып отурабыз дешет. Алар чындап эле Аллахты зикир кылууну каалап чогулганын касам ичип тастыктоосун сурайт. Алар касам ичишет. Анан аларга: Мен силерге ишенбегеним үчүн же шектенгеним үчүн касам ичиргеним жок деп, пайгамбарды туураганын айтат. Анан пайгамбарга эң жакын адам болгонун айтат. Анткени анын бир тууганы Умму Хабиба пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялы эле, ошондой эле ал өзү анын вахий жазган катчысы болгон. Бирок ошентсе да өтө аз хадис риваят кылган. Анан аларга минтип айтып берет: бир күнү пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйүнөн чыгып, мечитте Аллахты зикир кылып, аларды Исламга баштап, динди нээмат кылганы үчүн алкыш-мактоо айтып отурган адамдарды көрөт. Анан алардын эмне кылып отурганын сурап, азыр Муавия касам ичтирген сыяктуу аларга касам ичтирет. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алардан эмне үчун сурап, эмне үчүн касам ичтиргенинин сырын айтат. Ага Жебирейил келип, Алла Таала ал жерде отургандарды периштелерге мактап сыймыктанганын б.а. силердин артыкчылыгыңарды жана жакшы амалыңарды көрсөтүп, алардын жанында мактады дейт.